Биз менен байланышыңыз

Казакстан Кытайдан келген товарларды көбүрөөк өткөзөт

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 361 | 0

Казакстан Кытайдан келген жүк вагондорду чек арадан көбүрөөк өткөзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Хабар-24» сайты жазды.

Бул чечим эки тараптын онлайн-кеңешмесинде кабыл алынган. Кеңешменин алкагында Кытай Казакстанга импорттук контейлерди жөнөтүүнү тездетерин маалымдаган.

Ал эми «Казакстан темир жолу» компаниясы аз күндөн кийин ортодо туруп калган товарлар тиешелүү жерлерге жеткизилерин, бул маселени чечүү үчүн тиешелүү чаралар көрүп жатканын кабарлаган. Ошондой эле бул ишти өкмөт башчы Аскар Мамин өзү көзөмөлгө алары айтылган.

Сайттагы маалыматка таянып айтсак, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин мамлекеттер ортосунда унаа жана темир жол аркылуу жүк ташууда тоскоолдуктар барын айтып, Кытай премьер-министри Ли Кецянга кат жөнөткөн эле.

Айта кетсек, Казакстандын улуттук валютасы 1 теңге 55 тыйынга төмөндөп, АКШ доллары 427 теңге 59 тыйынга көтөрүлүп кеткен. Ал эми алтындын баасы 24 миң 675 теңгеге чейин жогорулаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM