Биз менен байланышыңыз

Талапкерлердин элдин кыжырына тийген 10 адаты (тизме)

Блог | 28 Окт 2021 | 869 | 1

Эртең, 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата үгүт иштери расмий түрдө старт алат. Эртең таң атканда Бишкектин көчөлөрүн талапкерлердин, партиялардын баннерлери каптап, социалдык тармактарда сүрөттөр жайнап чыгары күтүлгөн нерсе. Албетте, мунун эч кандай жаман жери жок. Кыргызстанда ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Бирок, талапкерлер айрыкча социалдык тармакта үгүт жасаганда соцтармак колдонуучуларынын кыжырына тийген учурлар да жок эмес. Мен өзүмдүн жеке байкоолорумдун негизинде талапкерлердин соцтармак колдонуучуларынын кыжырына тийген 10 адаты тууралуу тизмектеп, ошол эле учурда сунуш-пикирлеримди да  айта кетейин:

1. «Шайлоого аттандым» деген сөздү мүмкүн болушунча аз колдонуңуз. Бир аз изденсеңиз, бир канча альтернативдүү сөздөрдү тапсаңыз болот. Мисалы, » бул ирет шайлоого катышууну чечтим», «талапкер катары катталдым», «шайлоого барайын деп чечтим” ж.б.

2. «Шайлоого аттануу» дегенди түз түшүнүп, ат минген сүрөтүңүздү чыгарбаңыз. Ооба, ат ылдамдыктын белгиси, спорттун түрү, кыргыздар үчүн маанилүү атрибуттардын бири экени талашсыз. Бирок муну буга чейинки шайлоолордо колдоно берип, азыр эч кимди таң калтыра албайсыз.

3. Желкеге костюмду илип түшкөн сүрөт сөзсүз болушу керек деген эреже жок. Бул да шайлоого катышкан талапкерлердин арасында эң көп кетирилген каталардын бири. Албетте профессионалдуу сүрөттөр топтому үгүт иштери үчүн зарыл. Бирок, башка талапкерлер кайталаган нерсени кайрадан кайталоо сизге добуш алып келишине күмөнүм бар.

4. Бир эле фотостудияны бир канча талапкерлердин колдонуусу. Албетте, фотостудиядан сүрөткө түшпөңүз деп сизге эч ким тыюу салбайт. Бирок бардык эле талапкерлердин бир фондо сүрөткө түшүүсү сизди эмес, фотостудияны гана реклама кылат. Студия тандоодо кичине изденип коюңуз. Шаарда мындай кызмат көрсөткөн студиялар өтө көп.

5. Сиз тууралуу 5 факты, 10 факты жазабыз деп SMM адистериңиз сөзсүз сунуштайт. Эгер жаза турган факты көп болсо, анда жасай бериңиз. Бирок «жоктон бар кылабыз» деп сиздин балачакта оюнчук жасаганыңыз же «беш баланын атасы» деген сыяктуу фактылар болсо, анда жөн эле койгон оң. Бул терс таасир берет деп айта албайм, бирок сиз жөнүндө хайп жаратууга түрткү болушу мүмкүн. Эгер хайп жаратуу маанилүү деп билсеңиз, анда эч ким сизге тыюу салбайт.

6. Философиялык фразалар, айрыкча дүйнөгө белгилүү инсандардын сөздөрүн көп колдонбоңуз. Айрыкча сөздүн авторуна шилтеме бербей колдонуудан алыс болуңуз. Андан көрө өзүңүздүн ар кайсы маселелерге болгон пикириңизди, ой толгоолоруңузду жазыңыз. Шайлоого Шекспир эмес, сиз катышып жатасыз!

7. Фейк аккаунтар аркылуу өзүңүздү мактатуудан алыс болуңуз. Азыр технология өнүккөн сиздин фейктерден колдоо алганыңыз дароо эле байкалат. Анын ордуна элге, диалогго ачык болуп, пикир алмашууга көңүл бөлүңүз.

8. Өзүңүздү жакшы көрсөтүү үчүн атаандашты жамандагандан алыс болуңуз. Бул тескери эффект бере турганын мен эмес, психологдор айткан. Эгер сизге карата айыптоо же каралоо болсо, анда жооп берген туура болот. Бирок, өзүңүздү жакшы көрсөтүү үчүн башканы жамандоо жакшы таасир бербейт.

9. Ката жазбаңыз! Сөзсүз эки тилде (орус, кыргыз) пост жазуу деген да эреже жок. Кайсы тилди мыкты билсеңиз жана туура жазсаңыз, ошого басым жасаган туура. Айрыкча кыргызча текст жазуудан эринип, дароо Google Translate менен которбоңуз. Соцтармак колдонуучулары аны дароо байкайт.

10. «Баланча райондун эли бул талапкерди колдойт» деген чакырыктардан алыс болуңуз. Ал райондун элинин калкынын саны 100 миң болсо, ал жерде жок дегенде дагы 5 талапкер бар. Демек, эң көп добуш алышыңыз мүмкүн, бирок баары колдойт деген сөздү колдонгон туура эмес.

Кошумчалай кетсем, социалдык тармактарда активдүү үгүт жасоо азыр замандын талабы. Андыктан бардык талапкерлерге ийгилик каалайм!

Төмөндө социалдык тармактардагы Кыргызстандын аудиториясы тууралуу жалпы маалымат:

Инстаграмда – 2 900 000 кыргызстандык колдонуучу бар.

Фейсбукта – 780 000 колдонуучу

Твиттерде 33 000 колдонуучу

Ютубда – 2 000 000дон ашык колдонуучу бар.

1 пикир

1 пикир

  1. Энназаров Мирлан

    28.10.2021 23:39

    Эң жакшы жазылыптыр. Дагы кеңирирээк болсо деген каалоо.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM