Биз менен байланышыңыз

Мураталы Күрөңкеевдин 161 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 374 | 0

Кыргыз ССР эл артисти, залкар күүчү, комузчу, кыл кыякчы Мураталы Күрөңкеевдин 161 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын окуучулары жана окутуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, окуу жайга саякат жасалды. Салтанатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов да катышты.

Муратаалы Күрөңкеев 1860-жылы Ысык-Көлдүн Талды-Булак айылында туулган. Анын чоң атасы Белек кернейчи, өз атасы Күрөңкөй залкар комузчу болгон. Бала кезинде Чынгышбай комузчу менен күү чертишип, аны жеңүүсү менен жалпы элге таанылган.

1922-жылы Каракол шаарындагы Кыргыз драма театрында музыкант болуп иштеп, комузчулардын эң алгачкы ансамблин уюштурган.

Анын «Кер өзөн», «Байге», «Ат кетти», «Ак токту», «Түнкү күзөт», «Кечки жайлоодо», «Олжо», «Кет Бука» өңдүү бир катар кыл кыяк жана комуз күүлөрү алтын казынага жазылып алынган.

1939-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылдын 25-майындагы Жарлыгы  менен Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына Кыргыз ССРинин эл артисти Мураталы Күрөңкеевдин ысымы ыйгарылган.

Учурда окуу жай төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдап жатат:

— аспаптык аткаруу (төрт түр боюнча: фортепиано; кылдуу; үйлөмө жана урма аспаптар; элдик аспаптар);

— вокалдык искусство, квалификация: хордун, ансамблдин артисти;

— хор дирижёру, квалификация: хор дирижеру, музыка мугалими, хормейстер;

— музыка теориясы, квалификациясы: балдар музыкалык мектептеринин жана балдар искусство мектептеринин музыкалык-теориялык сабактарынын мугалими, жалпы фортепиано.

— музыкалык эстрадалык искусство, квалификация: артист, эстрадалык топтун жетекчиси багыттары бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM