Биз менен байланышыңыз

Декларациясы так эмес 9 млн сомдук товар кармалды

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 458 | 0

Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери декларациясы так эмес 9 млн 284 миң 294 сомдук товар кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Бул товарлар ЕАЭБдин бажы чек арасынан мыйзамсыз товар алып өтүү фактыларын аныктоо иштеринин жүрүшүндө табылган. Жалпы салмагы 19 тонна 239 килограммды түзгөн буюмдар «Д.Г.Ю» ЖЧКсынын дарегине келаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалыматтык журналына катталып, көрүлгөн чаралардын натыйжасында алдын ала төлөмү 1 млн 957 миң 658 сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM