Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Ошончо бийиктен секирген балага батут жардам бермек эмес

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 1464 | 2

Кечээ, 27-октябрда Бишкектин Байтик баатыр — Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушу бүтө элек имараттын тогузунчу кабатынан 22 жаштагы жигит боюн таштап каза болгон.

Окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарегине ачуу сындар айтылган. Социалдык тармактарда жазылып жаткан пикирлерге байланыштуу ӨКМдин жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев атайын билдирүү таратты.

Жолдошбаев көз жумган жигит куткаруу иштерине мүмкүнчүлүк бербегенин, эч кимди жанына жолотпой койгонун айтат.

«Ал өз жанын кыюуга бел байлаганын билдирген. Биздин кызматкерлерди жанына жолотпой койду. Адамды бийиктен куткарып калууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурда колдонууга болбойт. Ага техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинизм жана аркан менен түшүрө алмакпыз. Бирок ал психологиясы жабыркап жүргөндүктөн, эч кимди жанына жолотпой койгон», — деди ал.

Ошондой эле ал социалдык тармактарда айтылып жаткан батут боюнча да пикирин билдирген.

«Социалдык тармактарда батут орнотуп койсо болот эле дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Ушунча бийиктен, мынчалык ылдамдык менен секирген бала тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде жок болгон. Мындан сырткары ар кандай кырдаалдар бар. Кокус биз ага жакындап барганда секирип кетсе, өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психологдор, анын жакындары болгон. Атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы, жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок», — деди Жолдошбаев.

2 пикир

2 пикир

  1. Нурсултан

    28.10.2021 18:26

    Батуту койуп койобербейсинерби

  2. Токур

    28.10.2021 20:00

    Бизде демократия, озу олгон учун бироону куноолобогуло, ажалы жеткен. Психологиясы жайында болбосо керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM