Биз менен байланышыңыз

КР Баатыры, залкар драматург Бексултан Жакиевди эскерүү кечеси өттү

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 194 | 0

Бүгүн, 27- октябрда А. Осмонов атындагы улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, залкар драматург Бексултан Жакиевдин 85 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Кечеде «Залкар талант, кыргыз драматургиясынын корифейи» аттуу китеп-көргөзмөсү жана «Өмүр өтөт билинбей» аттуу жаңы повесть-эссе китебинин бет ачары болду. Ошондой эле Бексултан Жакиевдин чыгармачылыгына арналган конференция өттү.  Андан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн «Китеп искусствосу» XVIII сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Бексултан Жакиев 1936-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1962-жылы Москвадагы киносценарийчилердин жогорку мектебин аяктаган.

1963-1968-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, 1968-1972-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде кызматкер, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, ушул эле жылдарда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комитетинин төрагасы кызматтарында иштеген. Ошол эле жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети) театр жана кино (учурда театр) факультетинде сабак берген.

Бексултан Жакиевдин чыгармачылык жолунун башаты да, мыкты драматург катары таанытып, атак-аброй алып келген да «Атанын тагдыры» драмасы болгон. 1959-жылы жазылган драма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу, жалпы эле республикалык жана чет элдик театрларга 1000ге жакын жолу коюлган. Мындан тышкары «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең жаңы жыл», «Жолугушуу», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза», «Көздөн учкан Ата журт» сыяктуу бир катар драмалардын, «Азамат Алтай» «Бороондуу жолдо» сыяктуу көптөгөн аңгеме, повесть, очерк, эсселердин автору. Өмүрүнүн соңку жылдарында өзүнүн баскан жолун баяндаган «Өмүр өтөт билинбей» аттуу мемуардык романы басылып чыккан.

Бексултан Жакиев жеке чыгармачылыгынан сырткары мамлекеттик кызматтарда да үзүрлүү эмгектенип, кыргыз маданиятына, айрыкча манасчылык, төкмөлүк өнөрдүн эгемен Кыргызстанда өнүгүп-өсүшүнө, чет элге таанылышына өзгөчө салым кошкон. «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси катары 1995-жылы Талас облусунда өткөн «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган салтанатты уюштургандардын сап башында турган. 2000-2003-жылдары Жакиев даярдаган манасчылык, төкмөлүк өнөр боюнча долбоор ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланган.

Бексултан Жакиевдин адабиятка маданиятка кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, III даражадагы Манас ордени, Даңк ордени, ошондой эле Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык баштаган бир катар сыйлыктар менен сыйланган. Мындан тышкары Казакстандын Төлөгөн Айбергенов, Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарын, Астана медалын алган.

2021-жылдын 25-апрелинде 85 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM