Биз менен байланышыңыз

КР Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков эскерилди

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 338 | 0

Бүгүн, 27-октябрда А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленди.

Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов,  маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана адабият, маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Салтанатта фойеге уюштурулган китеп-сүрөт көргөзмөсү менен башталып, андан соң КТРК тарабынан даярдалган Төлөгөн Касымбеков тууралуу тасма көрсөтүлүп, кыргыз драма театрынын актёрлору даярдаган концерттик программа менен коштолду.

Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин эки жыл өзү туулган айылдагы мектепте башталгыч класстардын мугалими, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Өз өмүрүндө «Кыргызокуупедмамбастын» балдар адабияты боюнча редактору кызматынан баштап, Жогорку Кеңештин депутаттыгына чейин жеткен.

Кыргыз эл жазуучусу ардак наамын 1986-жылы, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» орденин 2006-жылы алган. Мындан тышкары «Даңк» медалы, I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Чыгармачылыкка 1952-жылдан тартып киришкен. Ушул эле жылы анын тырмак алды аңгемеси «Кичинекей жылкычы» «Ала-Тоо» журналына басылган.

Төлөгөн Касымбеков чебер прозаик, чыгаан романист катары улуттук адабиятта «Жетим», «Көкө», «Туулган жер» сыяктуу аңгемелерди, «Адам болгум келет» баштаган повесттерди, беш китептен турган «Сынган кылыч», «Келкел», «Баскын», «Чапкын», «Кыргын» тарыхый романдар сериясын (пенталогия) жана башка көптөгөн чыгармаларды калтырган.

2011-жылы 80 жашында дүйнөдөн өткөн. Сөөгү өзүнүн керээзи менен Кой-Таш айылындагы көрүстөнгө коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM