Биз менен байланышыңыз

КТРКнын имаратына эл артисти Турсун Уралиевдин эстелик тактасы орнотулду

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 296 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, радиорежиссёр, театр жана кино актёру Турсун Уралиевдин эстелик тактасы өзү иштеген Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына орнотулду.

Такта орнотуу салтанатына КТРКнын директорунун милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев, Кыргыз радиосунун башкы редактору Мирхамид Токтогулов, маркумдун байбичеси Бегайым Жайчиева жана корпорациянын жалпы жамааты, Турсун Уралиевдин уулдары катышты.

Турсун Уралиев 1933-жылы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында туулган. Ата-энесинен эрте ажыраган бала таякелеринин колунда чоңоюп, кийинчерээк балдар үйүндө тарбияланган. Бой жеткенде Ташкентке окууга барып, бирок киностудияда иштеп калат. Ошол жерден ал атактуу өзбек режиссёрлору менен иштешип, андан соң Москвадагы Островский атындагы театралдык институтка тапшырган.

Уралиев Москвадан келгенден кийин кыргыз мамлекеттик драма театрында актёрлукка кабыл алынган. 1958-жылдан баштап КТРдин радио бөлүмүнө режиссёр болуп иштеп баштаган. Ошондон тарта ал өмүрүнүн 60 жылын радиодо өткөргөн. Адабий-драмалык редакцияга эмгек сиңирип, радиопостановка, радиодраматургиялардын башында турган. Ал Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова сыяктуу залкар адамдар аткарган чыгармалардын баарын радиого жаздырып, алтын казынаны түптөгөндөрдүн бири. Андан тышкары Саякбай Каралаевдин «Манас» айтуусун, Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев өңдүү залкар төкмөлөрдүн терме-санат, эскерүүлөрүн, Карамолдо Орозов өңдүү күүчүлөрдүн күүлөрүн алтын казынага жаздырып калтырган.

Турсун Уралиев бир гана радиодо эмес, театр, кино чөйрөсүнө да эмгеги бар инсан. Ал бир топ көркөм тасмаларда эпизоддук ролдорду аткарган. Алсак, «Рыбаки Арала» деген өзбек тасмасына, «Кара-Кийикке жол» сыяктуу советтик тасмаларына тартылган. Мындан тышкары ал «Чиркин өмүр» кино сериалында велосипедчен почточунун ролун аткарып көпчүлүктүн эсинде калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM