Биз менен байланышыңыз

ЕККУ ИИМ академиясына компьютердик класс ачты

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 284 | 0

Евразия Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Ички иштер министрлигине караштуу окуу жайларга компьютердик класс ачып берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Саамалык ЕККУнун Бишкек кеңсеси менен ИИМдин ортосундагы кызматташтык келишимдин негизинде ишке ашырылган.

ЕККУ ИИМ академиясына 20 компьютер, 5 принтер, ал эми Ж. Шабиров атындагы республикалык окуу борборуна 10 компьютер, 5 принтер тапшырган.

ИИМдин басма сөз кызматы бул жабдуулар кызматкерлерди даярдоодо жана алардын квалификациясын көтөрүүдө өзгөчө салым кошорун белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM