Биз менен байланышыңыз

9 айда 5 миң 437 жол кырсыгы катталып, 78 жаш бала каза тапкан

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 248 | 0

Ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин 5 миң 437 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев бүгүнкү өткөн брифингде билдирди.

Акыркы тогуз айда жол кырсыгынан каза тапкан 580 жарандын 78и жаш балдар болгон. Ошондой эле 8 миң 298 адам ар кандай жаракат алган.

Сыдыгалиев өткөн жылы пандемия учурундагы чектөөлөрдөн улам жол кырсыгы аз катталганын айтты. Мындан тышкары балдарга жолдо жүрүү эрежелерин бала бакчадан тартып үйрөтүү керектигин, Билим берүү жана илим министрлиги жолдо жүрүү эрежелери боюнча атайын сааттарды бөлүп берсе, абдан пайдалуу болмогун белгиледи.

Маалым болгондой, 2013-жылдан бери катталган 7 миң 494 жол кырсыктын 5 миң 437си 2021-жылдын акыркы тогуз айында болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM