Биз менен байланышыңыз

Чүйдө жол кырсыктан эки адам каза тапты

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 186 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт тышкы унаа жолунун Токмок шаары тушунда кырсык болуп, бир аял, бир эркек каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык бүгүн, 27-октябрда саат 7:52 чамасында болгон. Mercedes Benz C-180 унаасынын айдоочусу жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктан бир аял, бир эркек көз жумуп, бир эркек катуу жабыркаган.

Жерине барган ӨКМдин Токмок шаардык бөлүмүнүн 3 куткаруучусу каза тапкан жарандардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жаракат алган жаранды жеке унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Учурда кырсыкка кабылгандардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп, кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM