Биз менен байланышыңыз

Япония Ооганстанга 58 млн долларлык жардам жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 380 | 0

Жапон өкмөтү ооган калкына 58 млн долларлык гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу жапон басылмаларына таянып, haberler.com сайты жазды.

Япониянын тышкы иштер министри Мотеги Тошимитсу өкмөттүн жыйынында ооган калкынын абалы боюнча маалымат берип, гуманитардык жардам зарыл экенин айтты. Андан соң өкмөт мүчөлөрү 58 млн долларлык азык-түлүк жөнөтүү чечимин кабыл алышты.

Жапон өкмөтүнүн маалымат кызматы жардамды эл аралык уюмдар менен биргеликте жеткирип, андан тышкары үй-жайсыз калган оогандарга баш калкалоочу жайларды да уюштурушарын кабарлады.

Эске салсак, 15-августта «Талибан» кыймылы Кабулду ээлеп алып, Ооганстандагы бийликти колго алышканын жар салган. Андан соң талибдер өлкөсүндөгү бардык аймакты өздөрүнө каратып, бийлик жүргүзүү үчүн жаңы өкмөт кураган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM