27-октябрга карата Бишкектеги «Империя пиццы» кафесинин тамагына уулангандардын саны 253кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Массалык уулануу 23-24-октябрь күндөрү аталган кафеде суши-роллы жегендер арасында катталган.
Учурда 60 жаран ооруканаларда дарыланууда. Анын 19у Темир жол бейтапканасында, 18 адам Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында, 23 бейтап Улуттук госпиталда жатат.
Бейтаптардын абалы туруктуу, калган уулангандарга керектүү медициналык жардам берилгенден кийин үйлөрүнө жиберилген.
Массалык уулануу катталгандан кийин «Империя пиццы» кафесинин бардык филиалдары жабылган. Өлкө боюнча тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат.