Биз менен байланышыңыз

Германиянын канцлери Ангела Меркель кызматын тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 380 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркель кызматын тапшырды. Бул тууралуу немис басылмаларына таянып, «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Кызмат тапшыруу салтанаты кечээ, 26-октябрда президенттин резиденциясы Бельвю сарайында өтүп, Германиянын мамлекет башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер Ангела Меркелге, вице-канцлер Олаф Шольцко, канцлердин администрация жетекчиси Хельге Браунга кызматтан кетүү күбөлүгүн берди.

Айта кетсек, ушул жылдын 26-сентябрында Германия Бундестагына депутаттарды шайлоо өткөн. Анда алдыңкы орунду ээлеген үч партия: «Социал-демократтар», «Жашылдар», «Эркин демократтар» көпчүлүк коалицияны курап, төрайымдык кызматка «Социал-демократтар» партиясынан 53 жаштагы Бербель Бас шайланган.

Германия Башмыйзамына ылайык, Бундестагдын төрагасы шайланган күндөн тарта канцлер администрациясы менен, ошондой эле өкмөт мүчөлөрү кызматын өткөрүүгө тийиш. Эми Меркелдин өкмөтү жана администрациясы жаңы канцлер шайланып, жаңы өкмөт куралганга чейин мурдагы милдеттерин убактылуу аткарып турушат. Жаңы өкмөттүн курамы 6-декабрдан 12-декабрга чейин тандалып, бекитилиши керек.

Айта кетсек, 67 жаштагы Ангела Меркель Германиянын канцлери кызматына алгач 2005-жылы келген. Ал жетектеген «Христиан демократтар кошууну — Христиан социалчылдар кошууну» блогу андан бери өткөн төрт жолку шайлоодо тең алдыңкы орунду ээлеп, Ангела Меркель да төрт ирет удаа шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM