Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан үч бейтап каза болуп, дагы 124 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 191 | 0

Кыргызстанда 27-октябрга карата коронавирус 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 65, Чүй облусунда – 28, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 106 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 688 бейтап, амбулатордук түрдө 692 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 865 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 302 киши айыгып чыкса, 2 миң 661 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM