Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунан мыйзамсыз алып келинген дары-дармек табылды

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 183 | 0

«Манас» аэропортунан мыйзамсыз ташылган дары-дармек партиясы кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Манас» аэропортунун бажы кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен бирге «Аэрофлот» компаниясынын каттамы аркылуу М.Т.Б. аттуу жарандын дарегине келген дары-дармек партиясын жүктөп бараткан Hyundai Porter унаасын токтотушкан.

Текшерүү учурунда унаадан 2495 таңгак 200 миллиграмдык «АЦЦ», 205 таңгак 0.6 миллиграмдык «Эноксапарин натрия Клексан-600 анти-Ха МЕ» инъекция үчүн эритме, 200 таңгак 0.6 миллиграммдык «Эноксопарин натрия — Клексан 4000 анти-Ха МЕ» инъекция үчүн эритме табылган.

Кармалган дарылардын брутто-салмагы коштомо кагазда 298 килограмм деп көрсөтүлгөн, бирок кайра таразага тартканда 400 килограмм болуп чыкты.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM