Биз менен байланышыңыз

Казакстан ооган калкына коридор берет

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 438 | 0

Казакстандын президенти айрым оогандыктар үчүн коридор берүүнү чечти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка таянып, «Хабар-24» агенттиги жазды.

Маалыматта айтылгандай, гуманитардык чөйрөдөгү эл аралык милдеттемелерин эске алып, Касым-Жомарт Токаев ооган аял судьялардын, парламент депутаттарынын жана алардын үй-бүлөсүнүн Казакстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүүсүнө уруксат берүү чечимин кабыл алган.

Айтылган адамдар Алматы аэропорту аркылуу башка мамлекеттерге чыгып кете алышат. Бул иштер эл аралык бейөкмөт уюмдар менен биргеликте уюштурулуп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM