Биз менен байланышыңыз

Блогер Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 1307 | 1

Алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн блогер Гүлзат Мамытбек кармалды. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү тастыктады.

Милициядан билдиришкендей, буга чейин Мамытбекти алдамчылыкка айыптаган 7 жаран укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, Мамытбек «кыска убакытта көп пайда табууну» убада кылган, бирок жарандардан акча алгандан кийин убадасын аткарбай, качып жүргөн. Келтирилген зыяндын суммасы 110 миң доллардан ашкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («алдамчылык») менен катталган.

Шектүү Кыргызстандан 2020-жылдын февраль айынын башында чыгып кеткен. Натыйжада, ошол эле жылдын 8-июнунда блоггерге алдамчылыкка шектелгендиги тууралуу сырттан билдирүү жиберилип, 13-июлда ал сыртынан СИЗО-1ге камалган.

2020-жылдын 8-августунда Гүлзат Мамытбек издөөдө болгондуктан, тергөө иши токтотулган.

Кечээ, 25-октябрда шектүү Кыргызстанга учуп келген. Аны Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Кармалган адам учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Калысбек

    26.10.2021 23:00

    Кыргызды бутуна тургуза турган «эл кызына» поштондуук!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM