Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Шавхат Мирзиёевдин жеңиши расмий жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 990 | 0

Өзбекстан Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.

Андан белгилүү болгондой, 20 миллион 158 миң 907 шайлоочунун 16 миллион 212 миң 343ү, тактап айтканда, 80,4%ы президенттик шайлоого добуш берген.

Бардык бюллетендер толук саналып бүткөнүн айткан борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев расмий жыйынтык төмөнкүчө болгонун маалымдады:

«Адилет» социал-демократиялык партиясынын талапкери Бахром Абдухалимов — 3,4%;

Экологиялык партиянын талапкери Нарзулло Оболмурадов — 4,1%;

«Улуттук кайра жаралуу» демократиялык партиясынын талапкери Алишер Кодиров — 5,5%;

Элдик демократия партиясынын талапкери — Максуда Варисова — 6,6%;

Либерал-демократтар партиясынын талапкери — Шавкат Мирзиёев — 80,1%.

«Өзбекстан Республикасынын Шайлоо кодексине ылайык, катышкан шайлоочулардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алган талапкер президенттикке шайланды деп эсептелет. Мындан улам, бизнесмендер жана ишкерлер кыймылы — Өзбекстан Либерал-демократтар партиясынан талапкер Шавкат Миромонович Мирзиёев шайлоочулардын эң көп — 80,1%ынын добушун алып, жеңишке жеткенин жана Өзбекстан Республикасынын Президенти болуп шайланганын расмий жарыялайбыз», — деди төрага.

Айта кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо кечээ, 24-октябрда өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM