Биз менен байланышыңыз

Германияда адистердин жетишпестиги тынчсыздануу жаратууда

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 1058 | 0

Германияда 70 кесип боюнча 1 млн 200 миңден ашуун адис-жумушчу жетишпей келери кабарланды. Бул тууралуу «Немис толкуну» маалымат агенттигинин орус кызматы жазды.

Германиядагы Чакан жана орто ишканалар федералдык бирикмесинин аткаруучу директору Маркус Йергер бул жагдай боюнча берилген суроого абал кооптуу экенин айткан.

«Учурда бардык тармакта адистер да, үйрөнчүктөр да жетишпейт. Бул орто ишканалардын атаандаштык жөндөмүн азайтып, жалпы Германия өлкөсүн коркунучка кептейт», — деген ал.

Ал андан тышкары квалификациялуу адистердин жоктугунан көптөгөн ишканалар тапшырыктарды алуудан баш тартып жатышканына, кесиптик билим алгандар да азайып баратканына тынчсыздануусун билдирген. Анын айтымында, Германия окуу жайлары 390 адистик боюнча окутушат. Учурда дээрлик көпчүлүгү жаңы студент таппай келишет.

Айтылган жагдайларга байланыштуу Германиянын Эмгек федералдык агенттиги чет элдик жумушчуларга, адистерге өз өлкөсүнө келип иштөө чакырыгын таштады. Агенттик маалымдагандай, жалпысынан 1 млн 200 миңден ашуун бош орундун үчтөн экисине кесипкөй адистер керек.

Ал эми Германия экономикалык институту кайсы кесиптерге кандай жана канча адис жетишпей турганын тизмелеп чыккан. Алардын эң көбүн социалдык педагогдор түзгөн. Андан тышкары медицина кызматкерлери, сантехниктер, курулуш тармагына инженерлер, туннель казган жолчулар, темир жол жумушчулары, темир усталар, электрондук автоматташтыруу тармагына слесарлар, электроника боюнча адистер, өндүрүш технологдору, оор жүк ташыган унаалардын айдоочулары сыяктуу адистер да жетишпей келери белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM