Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу U-23: Кыргызстандын курама командасы БАЭни жеңди

Кыска кабар , Спорт | 25 Окт 2021 | 644 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Бириккен Араб Эмиратынын командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.

2022-жылы өтө турган Азия кубогунун алкагындагы тандоо оюндарында Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлиги, Оман жана Индия менен Е тайпасында ойноп жатат.

24-октябрда биринчи турдун беттештери орун алды. Нурбек Жолдошев жетектеген Кыргызстандын курама командасы БАЭден келген футболчулар менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Голдорду Амир Жапаров жана Арлен Шаршенбеков киргизди.

Эми Кыргызстандын командасы 27-октябрда Оман менен, 30-октябрда Индия менен ойнойт.

Арлен Шаршенбеков гол киргизгендеги көз ирмем.

Амир Жапаров киргизген гол.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM