Биз менен байланышыңыз

Түркия уюмдаш өлкөлөрдүн элчилерине «персона нон-грата» жарыялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 345 | 0

Түркия ТИМи он өлкөнүн Анкарадагы элчисине персона нон-грата жарыялайт. 

Маалым болгондой, АКШ, Франция, Германия, Голландия, Швеция, Норвегия, Финландия, Дания, Канада, Жаңы Зеландия өлкөлөрүнүн Түркиядагы элчилери 2016-жылдагы козголоңго шектелип камакта жаткан коомдук ишмер Осман Каваланы абактан бошотуу талабын коюп, билдирүү жасашкан.

Буга байланыштуу Режеп Тайип Эрдоган Тышкы иштер министрлигине бул элчилерге «кааланбаган адамдар» (персона нон-грата) жарыялап, өлкөдөн кетирүүгө буйрук берген.

Ал тууралуу президент өзү Эскишехирдеги ишкананын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө да тастыктаган.

«Керектүү көрсөтмөнү Тышкы иштер министрлигине бердим. «Бул 10 элчини тезинен «кааланбаган адам» жарыялайсыз», — дедим. Булар Түркияны билбеген, тааныбаган күнү бул жерден кетишет», — деди Эрдоган.

Айта кетсек, Түркия НАТОнун жана «Чоң-20нын» мүчөсү, ошондой эле Европа Биримдигине кирүүгө бардык аракетин жасап келет. Ага карабастан, уюмдаш өлкөлөрдүн элчилерине персона нон-грата жарыялоо буйругун бергени бир катар түшүнбөстүктөрдү жаратып, түрк басылмаларынын талкуусуна айланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM