Биз менен байланышыңыз

Ооган кыздарын жашыруун окуткан онлайн-мектеп ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 476 | 0

Ооганстанда «Ооганстанды тааны» (Learn Afghanistan) уюму 12 жаштан өйдөкү кыздарды жашыруун окуткан онлайн-мектеп ачты. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Паштана Дуррани билдиргенин Times гезити жазды.

«Биз Ооганстандын келечеги деп саналган 100 кызды окутабыз. Алар планшеттин жардамы менен бирге окушуп, жумалык үй тапшырмаларын алып турушат», — деген Паштана Дуррани.

Маалым болгондой, онлайн-мектепте математика, технология, инженерия сыяктуу илимдер окутулуп, программалоо, веб-сайт түзүү, ошондой эле өз алдынча билим алууга керектүү программаларды, окуу куралдарын табуу, аларды өздөштүрүү жолдору үйрөтүлөт. Кызматкерлерди жана окуучуларды коргоо үчүн онлайн-мектептин окутуу деталдары жашыруун сакталат.

 «Биз аялдардын билим алуусуна киргизилген чектөө үчүн абдан катуу тынчсыздандык. Мындан улам бул программа өтө зарыл», — деген ушул программанын катышуучусу, мугалим Назифа Рахмати.

Ооганстандагы атын атабоону, сүрөтүн чыгарбоону өтүнгөн укук коргоочу аял Кабулдагы батиринде кыздарды жашыруун окутуп жатканын буга чейин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазган эле. Ал өз кызынын жана жалпы эле ооган кыздарынын келечеги үчүн ушундай тобокелдикке барганын айтып, басылмага маек берген.

«Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид Spiegel басылмасына берген маегинде кыймыл кыздардын билим алуусуна каршы эместигин, бирок анүчүн кыздарга коопсуз жүрүү, коопсуз коомдук транспорт уюштуруп берүү керектигин айткан болчу.

Эскерте кетсек, талибдер 15-августта өлкө борбору Кабул шаарын ээлеп алгандан кийин Ооганстанга өз бийлигин орноткон. Бийликти басып алган кыймыл өлкө жарандары, айрыкча аял кишилер үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизген. Мунун ичинде кыздардын билим алуусу үчүн окуу тартибинде, окуу программаларында да кыйла өзгөрүүлөр жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM