Биз менен байланышыңыз

«Курманжан Датка» китеби Улуу Британияда басылып чыкты

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 927 | 1

Кыргыз акыны, коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын «Курманжан Датка» поэмасы Улуу Британияда басылып чыкты. Бул тууралуу китептин автору өзү маалымдады.

Китепти англис тилине Кыргызстан эл аралык университетинин профессору Зина Караева которуп, аны Улуу Британиянын Hertfordshire Press басмаканасы «Queen Kurmanjan of the Mountains» («Тоо ханышасы Курманжан») деген ат менен жарыкка чыгарган.

Автор маалымдагандай, поэманын идеясы кыргыз кыз-келиндерин шыктандыруу, алдыга умтултуу максатын көздөп, Курманжан Датканын өмүр жолу, инсандык бейнеси улуттук нарк-насилдин чегинде мотивациялык өңүттө ачылып берилген. Автор бул поэмасын тогуз жылга жакын убакытта жазган.

Китептин бет ачары декабрь айында Ташкентте өтө турган «Ачык Евразия» адабий фестивалы жана китеп форумунун алкагында болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Бүбайша Арстанбекова

    22.10.2021 20:42

    Марал fm.kg сайтына чоң ырахмат! Ишиңерге ийгилик!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM