Connect with us

Бүгүн Жусуп Абдрахмановду эскерүү конференциясы болот

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 303 | 0

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаардык китепканасында Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу аталган китепкананын жамааты билдирди.

Кече саат 14:00дө башталат. Ага тарых илимдеринин кандидаты «Жусуп Абдрахманов — улут лидери» тасмасынын сценарийин жазган Бакыт Орунбеков, тарыхчы, жазуучу Жумагул Байдилдеев, тарых илимдеринин кандидаты, Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери Тыныстан Арзыбаев, «Илим» басма борборунун бөлүм башчысы Жыпара Кочкорбаева жана башкалар чакырылган.

Конференция өтө турган китепкана Сүймөнкул Чокморов көчөсү, 246 дарегинде жайгашкан.

Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы (азыркыча алганда, өкмөт башчы) болгон. 1924-жылы анын жетекчилиги астында Кыргызстандын чек арасы такталып, картасы чийилген. Жусуп Абдрахманов жана башка ошол кездеги кыргыз жетекчилеринин Кыргызстандын 15 союздук республиканын катарына кирүүсүнө салымы өтө зор болгон. Бул кийин эгемендикти жеңил жарыялап кетүүгө өбөлгө түзгөн. Андан тышкары 1932-жылдагы элди ачарчылыктан сактап калган эрдиги эл ичинде даңаза катары айтылып келет.

1937-жылы Сталиндик репрессияга кабылып, 1938-жылы атылган. 2021-жылы ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM