Биз менен байланышыңыз

Беларусь «Еврокөрсөтүү-2022» фестивалынан четтетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 568 | 0

Беларусь өлкөсү «Еврокөрсөтүү-2022» сынагына катышпайт. Бул тууралуу долбоордун сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, сынактын уюштуруу тобу Беларусь өлкөсүнүн атынан катыша турган «ГаласыЗМеста» тобунун «Мен сага үйрөтөм» ырын кабыл алуудан баш тартып, фестивалдын YouTube каналынан өчүртүп салышкан. Алар мунун себебин ырда саясий көз караш камтылган деген жүйө менен түшүндүрүшкөн.

Буга чейин да сынактын уюштуруучулары жогорудагыдай эле жүйө менен Беларусту 2021-жылы өтө турган сынактан да четтеткен.

Айта кетсек, 2021-жылы Роттердамда өткөн фестивалда Италиянын Måneskin рок тобу «Zitti E Buoni» ыры менен баш байгени жеңип, кийинки сынакты өз өлкөсүндө өткөрүүгө укук алышкан. «Еврокөрсөтүү-2022» сынагы май айында Италиянын Турин шаарында өтөт. Муну менен аталган өлкө сынак өткөрүү укугун үчүнчү жолу жеңип отурат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM