Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарына дагы үч көпүрө салынат

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 220 | 0

Бишкек шаарына үч көпүрө салынат. Бул тууралуу Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Биринчи көпүрө Архитекторлор көчөсү аркылуу Киргизия көчөсүнөн Ак-Босого конушуна чейин Кичи Чүй каналына курулат. Көпүрөнүн бийиктиги 18 метр, узундугу 12 жарым метр, туурасы 19 метр болот. Андан тышкары 1 жарым метр жазылыкта тротуар түшөт.

Экинчи көпүрө Гидростроитель көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки бөлүгүнө — Аламүдүн дарыясына салынып, Эне-Сай конушун шаар менен байланыштырат. Көпүрөнүн узундугу 31 метр, туурасы 14 жарым метр болот. Андан тышкары жазылыгы 2 метр 25 сантиметр тротуар түшөт.

Үчүнчү көпүрө Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилишине Саякбай Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин Аламүдүн дарыясына курулат. Көпүрөнүн узундугу 24 метр 12 сантиметр, туурасы 11 метр 25 сантиметр болот. Андан тышкары 2 метр 25 сантиметр тротуар түшөт.

Айта кетсек, бул көпүрөлөр Бишкек шаарынын көчөлөрүн, жолдорун жакшыртуу» долбоорунун алкагында салынып жатат. Долбоордун алкагында 60 көчөнүн жолу, 5 көпүрө оңдолот. Жол салуу иштерин China Road and Bridge Corporation компаниясы Кытайдын грантынын эсебинен жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM