Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында Исхак Раззаковду эскерүү кечеси өтөт

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 298 | 0

24-октябрда даңазалуу мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковду эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү кече саат 9:00дө Бишкек шаарындагы Чуйков көчөсү, 90 дарегинде жайгашкан Исхак Раззаковдун үй-музейинде болот. Ага мамлекеттик ишмердин тууганы Софья Байзакова, мамлекеттик ишмер Жамин Акималиев, жазуучу, архитектор Анарбек Жумакалиев конок катары чакырылган.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Лейлек районунун Коросон кыштагында туулган. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал Кыргызстанды жетектеп турган жылдарда Орто-Токой суу сактагычы, Фрунзе заводу сыяктуу бир катар ири объектилер пайдаланууга берилген. Ошондой эле Исхак Раззаковдун түздөн-түз көрсөтмөсү жана жетекчилиги астында Фрунзе (Бишкек) шаарындагы жалгыз кыргыз тилдүү №5 орто мектеп ачылган жана алгачкы жолу телекөрсөтүү студиясы уюштурулган.

Замандаштары анын адилет, калыс, Мекенге күйгөн жетекчи болгонун баса белгилеп келишет. 1979-жылы Москва шаарында каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга алып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилген. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM