Биз менен байланышыңыз

«Ваучердик системага өтүү 5-10 жылды талап кылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2021 | 387 | 0

Кыргызстанга ваучердик системаны киргизүү дагы деле актуалдуу. Мындай пикирин KG Analytics интеллектуалдык фондунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Эсентур Ивагов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бийлик бул системаны киргизүүнү 2010-жылдары эле баштап, бирок аягына чыкпай калган. Бирок биздин өлкөнүн башка мамлекеттерге салыштырмалуу билим берүүгө абдан көп акча бөлөрүн эске алсак, азыр деле кайра улантуу керек. Бул мектептерде атаандаштык жаратып, билим сапатын жогорулатат.

«Ваучердик система — киши башына бөлүнгөн акча.  Ар бир окуучуга документ берилет, ошол боюнча акча бөлүнөт. Анан окуучу өзү тандаган мектепке барат. Кайсы мектепке барса, ага бөлүнгөн каражат ошол мектепке жөнөйт. Ваучерди киргизгенде эки шарт болушу керек: биринчиси, бюджеттен бөлүнгөн акчаны мектеп маянаны көбөйтөбү, же ремонт жасайбы, өзү билип коротушу керек; экинчиси, мектептин ичиндеги окутууну өзү жүргүзгөндөй болуп турушу керек, административдик эркиндик керек», — дейт ал.

Ал коңшу Казакстан ваучерди 2013- жылы Кыргызстандан көчүрүп алып, ишке киргизгенин кошумчалады.

«Алар ошо ваучерди тынбай жүргүзүп отуруп, азыр Казакстанда 7000 мектеп бар болсо, ошонун 1500 мектеби ваучердик системага өткөн, бала бакчалары өткөн. Эл бул системага 1 жылда эле өтүп кетет деп ойлойт, бул — узак процесс, 5-10 жыл, мүмкүн 15-20 жыл керек. Бирок бир кезде башташыбыз керек да, качан баштайбыз, же жылдырып эле жүрө беребизби ушинтип?  Эгер билим жок болсо өнүкпөйбүз, өнүгүү жарандын билим сапатына байланыштуу болот», — деди Ивагов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM