Биз менен байланышыңыз

«Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда атаандаштык түзүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2021 | 465 | 0

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну жеке менчик фирмаларга берүү керек. Мындай пикирин KG Analytics интеллектуалдык фондунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Эсентур Ивагов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасында бир эмес, миң майда маселе бар. Биринчиси, мугалимдердин сапаты. Педагогикалык факультеттерге ЖРТдан эң начар баа алган улан-кыздар барып жатат. Ал жакта окуп жатканда тыңыраактары башка факультетке которулуп кетишет, эч нерсе колунан келбегендер калып калат. Бул да тандоо. Ал жакты бүтүп, жумуш издөөгө келгенде да тандоо болот. Ошентип, мектепке «күлүктөр» эмес, «чабалдар» барат.

«Мен мугалимдердин баары ошондой деп айтуудан алысмын. Бирок көбүнчөсү квалификациясы төмөн болгондор барып калып жатат. Эми алар эмнени үйрөтмөк эле, ошол бир маселе», — дейт ал.

Ал мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу иштери да башкача жүргүзүлүшү керектигин билдирди.

«Бизде улуттук квалификациядан өтүү үчүн атайын монополия бар экен, ал жакка 5 жыл сайын мугалимдер квалификациядан өтүп туруусу керек экен. 72 саат окуйбу, анан сертификат берет экен. Мугалимдер 3 деңгээлде квалификациядан өтөт экен. Биринчи деңгээлдеги квалификацияны өтсөм, менин маянама 1000 сом кошулат экен, эми ошо 1000 сом үчүн ким бармак эле ошо жакка? 1000 сом — стимул эмес, стимул жок дегенде 30% болушу керек. Менин айлыгым 15 000 сом болсо, жок дегенде 5000 кошулушу керек. Анан менин кызыкчылыгым болот», — деди ал.

Ал квалификацияны жогорулаткан мамлекеттик борборго бюджеттен 80-90 миллион сом жумшаларын билдирди.

«Билим тармагында иштегендерден уксам, ал жерде ката менен жазган кишилер толтура иштейт экен. Алар эч нерсе үйрөтө албайт да, балким ал жерде коррупция системасы деле жүрүп жатат. Анткени айылда тээ аймактарда жүрүп, өз жумушун бүтүрүп келишет, анан тигилер эптеп бир сертификат берип коюшат. Бул маселени чечүү үчүн квалификацияны көтөрүүнү жеке менчик фирмаларга берүү керек, ошондо атаандаштык болот», — дейт Ивагов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM