Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда билим сапаты тууралуу изилдөөлөрдү эч ким окубайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2021 | 395 | 0

Кыргызстанга окуучулардын билим сапаты боюнча көп изилдөө жүргөнү менен анын корутундусун эч ким окубайт экен. Мындай пикирин KG Analytics интеллектуалдык фондунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Эсентур Ивагов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, KG Analytics интеллектуалдык фонду өз ишин ушул жылдын февралында гана баштады. Алгач дүйнөдөгү Think-Tank сыяктуу изилдөө борбору катары иштеп, коомдун ичиндеги көйгөйлөр, билим, экология тууралуу изилдөөлөрдү жазуу тууралуу ойлонушкан.

«Бирок жумуш жүрө баштаганда карасак, андай изилдөөлөр бизсиз деле толтура экен. Кыйын жери: алар аябай чоң — 200-400 барактык. Эски эмес, жакында эле 2018-2019-2020-жылдары болгон изилдөөлөр. Баары тең билим, мугалим, окуучулардын сабаттуулугу жөнүндө. Ошондой изилдөөлөр көп болуп, бирок аны эч ким билбейт, көп эл тааныбайт, эч ким аны талкуулабайт экен. Ошондо биз ансыз да көп изилдөөнүн санын көбөйтпөй, бар изилдөөлөрдүн ток этер жерин элге айтып берели деп чечтик. Ансыз да 100-200 баракты эч ким окубайт экен»,  — дейт Эсентур Ивагов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM