21-октябрь саат 10:00го карата коронавирус менен ооругандарды жаткыруу үчүн бош орундардын тизмеси:
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында – 149;
Улуттук хирургиялык борбордо – 8;
№2 Клиникалык төрөт үйүндө – 6 бош орун бар.
Кыргызстанда 21-октябрга карата 114 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 180 миң 223кө жетти.
Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 643тү түздү.
21-октябрга карата дагы 60 адам илдеттен сакайып чыгып, коронавирустан айыккандардын жалпы саны 174 миң 875ке жетти.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 640 бейтап, үй шартында 560 адам дарыланууда.