Биз менен байланышыңыз

Дастан Асылбеков: Жумуш орун түзө ала турган стартаптарды каржылоого кызыкдарбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2021 | 479 | 0

Accelerate Prosperity уюму окутууда негизинен коммерциялык долбоорлорго басым жасайт.  Бул тууралуу аталган уюмдун бизнес-серепчиси Дастан Асылбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, окутуу — акысыз, бирок уюм өзү окутууга акча коротуп жаткандыктан, коммерциялык долбоорлорду тапканга аракет кылышат.

«Анткени биздин кызыкчылык: инвестицияга даяр болгон компанияларды табуу. Бизге өтүнмө келип түшкөндө карайбыз, аларда канча жумуш оруну бар, дагы канча жумуш орун бергенге мүмкүнчүлүгү бар, канча жумуш орун пайда болот, ошону да карайбыз. Мисалы, биз «Ат-Башы сүттү» караганда , алар өз өндүрүшүн көбөйткөндө дыйкандардан сүттү сатып алышат, ишкананын өндүрүшү көбөйсө, жергиликтүү дыйкандардын кирешеси да көбөйөт. Ошону да баалайбыз», — дейт ал.

IT тармагын да ушундай эле «Кыргызстанда IT тармагы өнүгүп, жумуш орундары пайда болсун» деген максат менен каржылашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM