Биз менен байланышыңыз

«Accelerate Prosperity уюму буга чейин 20 компанияны каржылады»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2021 | 338 | 0

Учурда тандалган 95 инновациялык стартаптын катышуусунда АР Asia боюнча хакатон өтүп жатат. Бул тууралуу Accelerate Prosperity уюмунун бизнес-серепчиси Дастан Асылбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Хакатон 2 жумага созулат, анын аягында 10 компания тандалып, аларга инвестиция алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыркы хакатондогу катышуучулар инновациялык стартаптар, алар ишин жаңы гана баштады. Катышуучулар окуу учурунда өз идеяларын текшерет. Программа кыска эле болгондуктан, кээ бир долбоорлор кагаз жүзүндө эле болушу мүмкүн. Бирок алар ошол 2 жуманын ичинде прототип жасашы мүмкүн, же алгачкы кардарын табышы мүмкүн.

«Негизи биздин баракчаларга катталып, жазылып окуп туруу керек. Биз келе жаткан сынактар жөнүндө сөзсүз маалымдайбыз. Мисалы, тандоо критерийлерин окуп, сиздин бизнесиңиз ошого дал келсе, сиз өтүнмөңүздү биздин сайтка кирип эле толтуруп берсеңиз болот. Биз аны сөзсүз карап чыгабыз, анан ошого карата чечим чыгарабыз», — дейт ал.

Анын айтымында, хакатон биринчи жолу өткөрүлүп жатат, ал 29- октябрда аяктайт. Аягында стартаптар тандалып, каржыланат.

«Буга чейин биз 20 компанияны каржыладык, инвестиция бердик. Бизде көбүнчө инвестиция эле бар, бул — кайтарып берүүчү акча, грант эмес. Же бизде карызга каржылоо деген инвестициялык форма бар, мисалы, биз инвестиция берсек, бизнестин бир үлүшүн алабыз. Бирок 35%га чейин эле алабыз, андан ашпайт. Ишкер мисалы, 50%ын берип салса, 2-3 айдан кийин өзү кызыкпай калышы мүмкүн», — деди Дастан Асылбеков.

Ал уюм буга чейин бут кийим чыгарган «Коблер» деген компанияны, сүт өндүргөн  «Ат-Башы сүт», форель менен иштеген ишканаларды, «Заман мед» деген медборборду, Makers деген IT ишкананы каржылаганын мисал кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM