Биз менен байланышыңыз

Accelerate Prosperity өкүлү: Биз ишкерлерге инвестиция алганга жардам беребиз

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2021 | 352 | 0

Accelerate Prosperity уюму ишкерлерди окутуп, анан инвестиция алганга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул тууралуу аталган уюмдун бизнес-серепчиси Дастан Асылбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, окутууда чакан, жаңы өсүп келе жаткан ишканаларга басым жасалат. Келип түшкөн өтүнмөлөрдөн 30 чактысы тандалып алынат да, алар окутуудан өтүшөт.

«Биздин окутуу программаларыбыз 7 жумалык. Ар кандай: маркетинг, адам ресурстарын башкаруу, каржы менеджменти ж.б. сыяктуу көп-көп темалар бар. Аягында биздин инвестициялык комитетибиз бар, анын алдында өз долбоорун жактайт. Жактагандан кийин биз алардын арасынан 2-3 компанияны тандайбыз, анан алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, инвестиция алганга мүмкүнчүлүк беребиз. Азырынча бизде АР Asia деген долбоор бар, Ага Хан фонду тарабынын каржыланат, ошол долбоордун алкагында учурда бизде окутуу программасы жүргүзүлүп жатат. Ага Чүй облусунун кайра иштетүү жана өндүрүш ишканалары катышат. Алардын көбүнчөсү өз продукциясын экспортко жөнөтүшсө, кээси жөнөтпөйт экен. Бирок биздин окутуудан өткөндөн кийин алар продукциясын экспортко чыгаруунун жолдорун билип калышат», — дейт Дастан Асылбеков.

Ошондой эле уюм USAID менен Ага Хан фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоорун иштетип жатат. Ал долбоордун алкагында IT тармагында иштеген стартаптарга, ишканаларга окутуу программасы жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM