Биз менен байланышыңыз

Ошто кыз ала качып бараткан эки жаран кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 320 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 20-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз ала качып бараткан эки адам кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Маалым болгондой, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жардам сураган үндү угушуп, унааны кууп жетип токтотушкан.

«Ош шаарынан кызды унаага күчтөп салып кеткени тууралуу кабар алгач шаардык ички иштер башкармалыгына түшкөн. Кызды салып кеткен унаа тууралуу маалыматтар бардык постторго таркатылып жаткан маалда биздин облустук ЖКККнын кызматкерлери шектүү унааны тосушкан. Токтобой өтүп кеткенде, артынан кууп кармашкан. Ичиндеги кыз өзүн ала качып бара жатышканын билдиргенден кийин, унаадагы эки киши кармалды. Кармалгандардын бири 25 жашта, экинчиси 26 жашта. Иликтөө жүрүп жатат», — деген Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка».

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 175-беренеси (Никеге туруу максатында урдоо) менен катталып, Ош ШИИБине өткөрүлүп берилген.

Дагы бир маалыматка караганда, ала качылган кыз арыз жазуудан баш тартып койгон.

Ички иштер министрлиги берген маалыматка таянып айтсак, акыркы тогуз айда «Никеге туруу максатында урдоо» беренеси менен 187 факт катталган. Мунун ичинен 8и кылмыш иш катары сотко жиберилген. 177си курамында кылмыш жок деген негиз менен кыскартылган. 2 факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM