Биз менен байланышыңыз

КМШ Өкмөт башчыларынын кезектеги отуруму Бишкекте өтөт

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 296 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев КМШ Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — аткаруучу катчысы Леонид Анфимов менен жолугушту.

Өкүлчүлүк Кыргызстанга 12-ноябрда Бишкекте өтө турган КМШ Өкмөт башчыларынын кезектеги отурумун даярдоо жана өткөрүү маселелерин чечүү максатында келген.

Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасы КМШнын алкагында бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча пайдалуу жана натыйжалуу кызматташтыкка кызыкдар экенин ырастады. Ошондой эле КМШ байкоочулар миссиясын 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого сереп салуу үчүн чакырды.

Өз кезегинде Леонид Анфимов КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын алдыдагы жолугушуусу жогорку деңгээлде уюштурулуп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Тараптар КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму КМШ мамлекеттеринин конструктивдүү кызматташуусун мындан ары да бекемдээрине ишенимин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM