Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбековага «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамы берилди

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 676 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону, балбан кыз Айсулуу Тыныбековага жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековго «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамы тапшырылды.

Наам тапшыруу салтанаты Кочкор районунда өтүп, ага балбан кыз машыктыруучусу жана ата-энеси менен келди.

Кочкор районунун акими Курманбек Камчыев Айсулууга жана Нурбек Изабековго ардак наам тапшырып, андан тышкары райондук администрациянын атайын белектери менен сыйлады. Ошондой эле Айсулуунун ата-энеси Болот Тыныбеков менен Гүлнара Тыныбековага да «Ыраазычылык кат», баалуу белектер берилди.

Айта кетсек, Айсулуу Тыныбекова – дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону, Дүйнөлүк Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Ал – кыргызстандык балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу. Кыз-келиндер арасында биринчилерден болуп Азия чемпиону аталган. Дүйнөлүк рейтингде 62 килограмм салмак категориясы боюнча биринчи орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM