Биз менен байланышыңыз

Кылмыш ишин негизсиз ачкандардын өзүнө иш козголот

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 1002 | 0

Коммерциялык банктардын биринин өкүлүнүн кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө ишкердик чөйрөгө карата негизсиз сотко чейинки өндүрүш иши катталганы, мыйзамсыз тергөө аракеттери жүргүзүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө маалым болгондой, жоопкерчилиги чектелген коомдун биринин жетекчиси: «196 701 АКШ долларына бааланган мүлкүмдү банк мыйзамсыз тартып алды», — деп, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Аталган бөлүм Президент кол койгон тиешелүү жарлыктарды одоно бузуп, банкка кылмыш иш козгогон.

Прокуратуранын тактоосуна ылайык, эки тараптын ортосунда кагаз жүзүндө түзүлгөн келишимдер, макулдашуулар болгон. Экинчи тараптан эгер ЖЧКнын жетекчиси мыйзам бузуу боюнча шек санай турган болсо, ИИМ органдарына эмес, сотко кайрылууга тийиш эле.

Айтылган райондук бөлүмдүн кызмат адамдары буларды эске албастан, ошондой эле Өкмөт кабыл алган «Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун Убактылуу эрежелеринин» талаптарын бузуп, прокуратура органдарынан каттоодон өтпөстөн, тергөөчү дээрлик үч айдан кийин негизсиз түрдө сот органдарына документтерди камакка алуу өтүнүчүн берип, аны сот канааттандырган. Андан тышкары каржылык-экономикалык экспертиза дайындалган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен коммерциялык банкка негизсиз козголгон иш кыскартылып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо сунушу берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM