Биз менен байланышыңыз

Оштогу «Достук» бекетин мыйзамсыз баюунун булагына айланткандар кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 386 | 0

Ош облусундагы «Достук унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекетин пара алуунун, мыйзамсыз баюунун булагына айланткандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (топтошуп пара алуу) менен катталып, ачылган иштин негизинде жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик чек ара кызматынын жооптуу адамдары уюшуп пара алып жүргөнү аныкталган. Тактап айтканда, «Достук унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекетинин жооптуу кызматкерлери айрым жетекчилердин калкалоосу астында чек арадан өткөн жарандардан, айрыкча Өзбекстандын жарандарынан, оор жүк ташыган унаалардын айдоочуларынан ар кандай жолдор менен акча алып турушкан.

Бул иштерге байланыштуу Чек ара кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси, Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин орун басары, «Достук унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекетинин башчысы кармалып, УКМКнын Ош шаарындагы бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM