Биз менен байланышыңыз

Экономист: Мамлекет бааны жөнгө салууда ишкерлерди да ойлошу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Окт 2021 | 458 | 0

Мамлекет эл менен ишкерлерди тең салмакта карашы керек. Мындай пикирин экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Токобаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал көптөгөн өлкөлөр калкын өз продукциясы менен 100% камсыз кыла албай турганын эскертип, андай жагдайдан чыгуу үчүн ар түрдүү чараларга барышарын айтты.

«Мисал үчүн, Япония менен Өзбекстанды алсак, Япония 128 млн калкын ата мекендик продукция менен 100% камсыздай албайт. Өзбекстан буудай алууда Казакстан менен Орусиядан көз каранды. Бул көйгөйдү чечүү үчүн алар ошол жетишсиз азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын, бажы төлөмдөрүн алып коюшат. Бирок мунун элге, же ишкерлерге терс таасири тийбеши керек. Өзбекстан ал маселени мындай чечти: буудайды арзан кылып, унга кошумча нарк салыгын жогору кылып койду. Муну менен жергиликтүү ишкерлерге терс таасири тийип, иши токтоп калбасын деп жатат»,  — дейт ал.

Ал эми Кыргызстан да буудай, ун жагынан Казакстандан көз каранды. Мындан улам унга болгон кошумча нарк салыгын алып салды. Бирок бул жергиликтүү тегирмендердин токтоп калуусуна алып келди. Анткени аларга буудай тарткандан көрө, даяр унду сатып келген пайдалуу болуп калды. Бул биздин ички инвесторлорубузду башка өлкөгө чыгууга аргасыз кылууда. Ошол себептен азык-түлүккө бааны мамлекеттик жөнгө салууда элди да, ишкерлерди да тең салмакта кароо маанилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM