Биз менен байланышыңыз

Студенттер, окуучулар арасында жарыш уюштурулат

Кыска кабар , Спорт | 20 Окт 2021 | 596 | 0

23-октябрда Бишкек шаарында жогорку класстын окуучулары жана студенттер арасында жарыш өтөт. Бул тууралуу sport.kg сайты жазды.

Республикалык «Жаштык» борбору тарабынан уюштурулуп жаткан жарыш Кара-Жыгач сейил багында өтөт. Анда катышуучулар үч тайпада чуркайт:

  1. 9-11-класстын окуучулары. Команданын курамы: 5 бала, 5 кыз. Чуркоо аралыгы: 1000 метр;
  2. Кесиптик-техникалык окуу жайлардын студенттери. Команданын курамы: 10 улан, 10 кыз. Чуркоо аралыгы: 1000 метр;
  3. Жогорку окуу жайдын студенттери. Команданын курамы: 10 жигит, 10 кыз. Чуркоо аралыгы: кыздар үчүн 1000 метр, балдар үчүн 2000 метр.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар, баалуу белектер каралган. Биринчи орун алгандар атайын Кубок, 2-3-орун алгандар диплом менен сыйланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM