Биз менен байланышыңыз

Ардагерлер чемпионаты: Сааданбек Ниязов коло медаль тагынды

Кыска кабар , Спорт | 20 Окт 2021 | 643 | 0

Грециянын Лутраки шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Сааданбек Ниязов коло байге утту.

Эркин күрөштүн E дивизионунда (56-60 жаш арасы) 130 килограмм салмак боюнча күрөшкөн Сааданбек Ниязов үчүнчү орун үчүн болгон беттеште орусиялык балбан Игорь Полетаевди 10:4 эсебинде жеңип, коло медаль тагынды.

Айта кетсек, E дивизионунда 130 килограмм салмак боюнча 8 эле балбан катышкандыктан, дароо чейрек финалдан баштоого мүмкүнчүлүк алышты. Бул салмакта Кыргызстандын атынан күрөшкөн Сааданбек Ниязов алгачкы атаандашы Иран балбаны Ардешир Голамали Пухемкатты 4:2 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Жарым финалда АКШ балбаны Даниел Гавели Чайддан 10:0 эсебинде жеңилип калган.

Эскерте кетсек, бүгүн эркин күрөштүн D дивизионунда (50-56 жаш арасы) 100 кг салмакта Чынарбек Изабеков килемге чыгат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да башталып, аны Дүйнөлүк Күрөш Уюму түз алып көрсөтөт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM