Биз менен байланышыңыз

1 207 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 269 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул Президенттин сайтына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, жарандык берүү жана жарандыктан чыгаруу боюнча жалпы 1 260 (865 чоң киши, 395 бала) арыз келип түшкөн.

Мунун негизинде өлкө башчы үч жарлык менен 1 207 адамды (820 чоң киши, 387 бала) жарандыкка кабыл алса, дагы бир жарлык менен 53 адамды (45 чоң киши, 8 бала) жарандыктан чыгарган.

Тизмеден көрүнүп тургандай, жарандык алгандардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM