Биз менен байланышыңыз

Антимонополия агенттиги көмүрдүн туруктуу наркын бекитти

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 292 | 0

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкөдө сатыла турган көмүрдүн туруктуу наркын бекитти. Бул агенттиктин сайтына жарыяланды.

Айта кетсек, Министрлер кабинети 11-октябрда «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн наркына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алып, аны аткарууну Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине тапшырган. Мунун негизинде агенттик көмүрдүн туруктуу наркын төмөнкүдөй деп белгиледи:

  • Бишкекте — килограммы 5 сомдон 8о тыйындан, тоннасы 4 400-4500 сомдон;
  • Чүй облусунда — килограммы 5 сом 90 тыйындан, тоннасы 4 250-4 550 сомдон;
  • Ош шаарында жана Ош облусунда — килограммы 6 сом 80 тыйындан, тоннасы 5000-6000 сомдон;
  • Жалал-Абад облусунда — килограммы 7 сомдон, тоннасы — 4 500-6 500 сомдон;
  • Нарын облусунда  — килограммы 5 сомдон, тоннасы 2 400-4 700 сомдон;
  • Ысык-Көл облусунда — килограммы 7,5 сомдон, тоннасы 3 600-6 800 сомдон;
  • Талас облусунда — тоннасы 5 100-6 500 сомдон;
  • Баткен облусунда — килограммы 9 сомдон, тоннасы 4 800-8 700 сомдон ашпоого тийиш.

Айта кетсек, баадагы айырмачылыктар аймактардагы көмүр казып алуу ыкмасына байланыштуу. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул нарк 90 күн көзөмөлдөнөт.

Кенен маалыматты агенттиктин сайтынан алсаңыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM