Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Офицерлердин жубайларына медаль тапшырылды

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 280 | 0

Бүгүн, 19-октябрда офицер милициялардын жубайларына «Офицердин жубайы» ардак медалы тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев медалдарды тапшырып жатып, анын маанисине да токтолуп өттү.

«Бул өзгөчө медаль- ички иштер органдарында иштеген офицерлердин аялдары жолдошторунун ишенимдүү таянычы болуп, үй-бүлөлүк очоктун бейпилдигин жана коопсуздугун камсыз кылып, турмуштук оор кырдаалдарда да ишенимдүү жана чыдамдуу бойдон калган эбегейсиз зор ролун терең урматтап таануунун белгиси. Бардык кыйынчылыктарды тандаган адамдарыңыздар менен бирге жеңип, алардын сүйүктүү жары, ишенимдүү досу жана тиреги бойдон калып, ар дайым колдоп келгениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сиздер бул сыйлыкка татыктуусуздар», – деди Султан Жоошбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM