Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы Сербияда өтө турган Дүйнө биринчилигине катышат

Кыска кабар , Спорт | 19 Окт 2021 | 811 | 0

Айпери Медет кызы Сербиянын борбору Белградда өтө турган Дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу ал «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигине курган маегинде айтып өттү.

«Чынын айтсам, азыр мага кичине оорураак. Эс алышым керек болчу. Норвегиядагы Дүйнө биринчилигинен кийин машыктыруучум менен сүйлөштүм. Машыктыруучум: «Сага кереги жок. Быйылкы жылды ушул Дүйнө биринчилиги менен жабабыз», — деди. Бирок мен өзүмдүн каалоомду айттым: «Өзүм баргым келип жатат, өзүм катышкым келип жатат», — деп уруксат алдым», — деди балбан кыз өз сөзүндө.

23 жашка чейинки спортчулар (U-23) арасында өтө турган Дүйнө биринчилиги Сербиянын борбору Белград шаарында 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин болот.

Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынган. 76 кг салмак боюнча дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM