Connect with us

Ардагерлер чемпионаты: Талант Бегалиев алтын үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 19 Окт 2021 | 630 | 0

Грециянын Лутраки шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө биринчилигинде Талант Бегалиев финалга чыкты.

Эркин күрөштүн E дивизионунда (56-60 жаш арасы) 70 килограмм салмак боюнча күрөшкөн Талант Бегалиев жарым финалда Литвадан келген балбан Антанас Меркевичусту 2-1 эсебинде жеңип алды.

Талант Бегалиевдин биринчи беттешиндеги атаандашы орусиялык балбан Евгений Дайндапов килемге чыкпай койгондуктан, жеңиш автоматтык түрдө кыргызстандык балбанга ыйгарылган. Чейрек финалдык беттеште ал италиялык балбан Доменико Пиккининини 10:0 эсебинде утуп алды.

Эми ал финалда АКШ балбаны Майкл Ли Мадри менен күрөшөт.

Ал эми E дивизионунда 130 килограмм салмак боюнча 8 эле балбан катышкандыктан, дароо чейрек финалдан баштоого мүмкүнчүлүк алышты. Бул салмакта Кыргызстандын атынан күрөшкөн Сааданбек Ниязов алгачкы атаандашы Иран балбаны Ардешир Голамали Пухемкатты 4:2 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Тилекке каршы, жарым финалда АКШ балбаны Даниел Гавели Чайддан 10:0 эсебинде жеңилип, орусиялык балбан Игорь Полетаев менен коло үчүн күрөшө турган болду.

Ал эми B дивизионунда (41-45 жаш арасы) 88 килограмм салмакта күрөшкөн Арген Бегалиев биринчи эле беттешинде жеңишти атаандашына алдырып жиберди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM