Биз менен байланышыңыз

Чехия президентинин отставкага кетери болжолдонууда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 1017 | 0

Чехиянын президенти Милош Земан отставкага кетиши мүмкүн. Буга анын ден соолугуна байланыштуу кызматтык милдетин уланта албай жатканы себеп болууда. Бул тууралуу Чехиянын Борбордук аскер госпиталы таратканын жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Айта кетсек, Милош Земан 8-9-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо өзүнүн тарапташы, учурдагы премьер-министр Андрей Бабиш жетектеген «ANO-2011» кыймылы Петр Фиала жетектеген «Бирге» партиясынан жеңилип калгандын эртеси, 10-октябрда эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн.

Чехия парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Радек Вондрачек 14-октябрда Милош Земан менен жолукканын, абалы жакшы экенин кабарлаган. Ал эми Жогорку палатанын төрагасы Милош Выстрчил кечээ, 18-октябрда өткөн парламент жыйынында президент кайрадан эсин жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн маалымдап, президенттик милдетти аткарууну убактылуу башка адамга берүүдөн башка жол жок экенин кошумчалап өткөн.

Президенттин оорусу боюнча маалыматтар ачык айтыла элек. Себеби Чехиянын Башмыйзамы боюнча аны бейтап өзү гана ачыкка чыгара алат. Айрым маалымат булактары боор илдети болушу ыктымалын божомолдошууда.

77 жаштагы Милош Земан Чехияны 2013-жылдан бери жетектейт. 2018-жылы өткөн президенттик шайлоодо да кайрадан жеңишке жетип, экинчи мөөнөткө өлкө башына келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM