Биз менен байланышыңыз

Бүгүн күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө биринчилиги башталат

Кыска кабар , Спорт | 19 Окт 2021 | 449 | 0

Бүгүн, 19-октябрда Грециянын Лутраки шаарында күрөш боюнча ардагер балбандар арасында Дүйнө биринчилиги башталат. Беттештерди Дүйнөлүк Күрөш Уюму түз алып көрсөтөт.

19-октябрдан 24-октябрга чейин өтө турган чемпионатка эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан 6 балбан жөнөп кеткен:

  • Калмурза Жолдубаев — 70 килограмм, грек-рим күрөшү, C дивизиону (46-50 жаштагылар);
  • Талант Бегалиев — 70 килограмм, эркин күрөш, E дивизиону (56-60 жаштагылар);
  • Роман Сарыбаев — 88 килограмм, эркин күрөш, A дивизиону (36-40 жаштагылар);
  • Арген Бегалиев — 88 килограмм, эркин күрөш, B дивизиону (41-45 жаштагылар);
  • Чынарбек Изабеков — 100 килограмм, эркин күрөш, D дивизиону (50-55 жаштагылар);
  • Сааданбек Ниязов — 130 килограмм, эркин күрөш, E дивизиону (56-60 жаштагылар).

Ал эми Азамат Бекмырзаев менен Куват Ахметов турнирлерге калыстык кылуу үчүн тандалып алынган.

Айта кетсек, бүгүн Сааданбек Ниязов, Талант Бегалиев, Арген Бегалиев килемге чыгат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM